
Төраганын милдетин аткаруучу: Жакыпов Алмаз Жакыпович
Тоо-кен жана металлургия тармагы кызматкерлеринин кесиптик бирлиги
1898-1905-жж. Жалданма жумушчулардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн таш көмүр кендеринде, ошондой эле Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр кендеринде иштеген. Бул жерлерде жумушчулар менен алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү максатында өз ара жардамдашуу кассалары, кустардык-өндүрүштүк принцип боюнча шериктиктер жана жумушчулардын топтору түзүлгөн.
Аларды XIX-XX кылымдарда Кызыл-Кыя көмүр кенинде пайда болгон, өнөр жай тармагындагы жумушчуларынын алгачкы эмгек бирликтери, өлкөбүздүн кесиптик бирликтер кыймылынын саамалыгы деп атаса болгон. Ошол учурда шахтерлор кесиптик бирликтерге өз укуктарын коргоо – күндүзгү нөөмөттүн жумуш сааттарын азайтууну, эмгек акысын көбөйтүүнү талап кылуу максатында биригишкен.
Кыргызстандын толук кандуу кесиптик бирлик кыймылы 1905-жылы Кызыл-Кыя кенинде пайда болду. Ай сайын жалпы кассага төгүмдөрдү төлөп, анын эсебинен муктаждарга жардам берүүнү чечкен жумушчулардын тобу уюшкан. Кийин алар эмгек шарттарын жакшыртуу үчүн милдеттерди да койгон.
1905-жылдын жаз айларында Кызыл-Кыянын, Сүлүктүнүн тоо кен-өндүрүштүк ишканаларынын шахталарында иштеген жумушчулар талаптар менен чыгышкан. Алардын талаптары 1902-жылдагыдай экономикалык гана мүнөздө болбостон (айыппулдарды, убакыттан ашык иштөөнү жоюу), саясий мүнөздө да болгон – сөз жана чогулуштарды өткөрүү эркиндиги, жумушчулар бирликтерин уюштуруу, жумуш күнүн кыскартуу ж.б. Натыйжада койгон талаптарынын бир бөлүгүнүн аткарылышына жетише алышкан. Мунун баары жумушчулар үчүн өз укуктарын коргоодо бири-бирине жардамдашуу боюнча биринчи тажрыйба боло алган.
Экинчи этап — 1917-1990-жж. – Советтер союзунун курамында Республикада социалисттик тартипти орнотуу мезгили.
1917-жылдын август айында Түркстан крайынын ыйгарым укуктуу тоо-кен жана тоо-кен заводдук ишканаларынын облустук 1-съезди өтүп, Түркстан тоо-кен жумушчуларынын бирдиктүү кесиптик бирлигин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынат. Сентябрда өткөн 2-съездде Түркстан тоо-кен жумушчуларынын бирдиктүү кесиптик бирлигинин борбордук башкармалыгы шайланат. Съездге биздин кесиптик бирликтердин атынан Сүлүктүдөн Деканов, Кызыл-Кыядан Воронин менен Едренкиндер катышкан.
1918-1920-жж. дээрлик бардык уезддерде кесиптик бирликтер пайда болгон. Өндүрүштүк принцип боюнча түзүлгөн алгачкы ири кесиптик бирликтерге куруучулардын, металлисттердин, басуучулардын, булгаарычылардын, тикмечилердин, медициналык-санитардык эмгекчилердин, жер жана токой жумушчуларынын кесиптик бирликтери кирген.
1918-1925-жылдары кесиптик бирликтер Совет бийлигин куруу жана бекемдөө үчүн, Орто Азияда чет өлкөлүк интервенттерди жана контрреволюцияны кыйратуу, эл чарбасын калыбына келтирүү аракеттерине активдүү катышып, калктын калың катмарынын ичинде уюштуруучулук жана тарбиялык иштердин тажрыйбасына ээ болушту.
Улуу Ата мекендик согуш жылдарында республиканын кесиптик бирликтери өз ишмердүүлүгүн бүтүндөй фронттун кызыкчылыгына, аскерлерди ок-дарылар, кийим-кече, азык-түлүк менен жабдуу маселелерине арнап, ишканаларды согуштук кырдаалда кайра курууга, республикага көчүрүлгөн ишканаларды жайгаштырууга, жумушчуларды даярдоого катышкан.
Согуштан кийинки советтик мезгилдерде тармактын бир катар ири ишканасы – Кадамжай сурма комбинаты, Айдаркен сымап комбинаты, Кыргыз тоо-кен жана металлургия комбинаты, Сумсар кени ж.б. ишканалар иштеп турган. Алардын кесиптик бирликтери түздөн-түз Киргизсовпрофтун курамына кирген.
Ал учурда Кыргыз ССР менен Советтер союзунун башка республикаларынын кесиптик уюмдары сыяктуу эле, тоо-кен жана металлургия тармагынын кесиптик бирликтери СССР Коммунисттер партиясынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары менен тыгыз байланышта иш алып барышкан. Дээрлик бардык эле съезд отурумдарында, пленумдарда, президиумдарда жана башка иш-чараларда КПСС БК тарабынан кабыл алынган чечимдер талкууланып турган. Кесиптик бирликтер башкаруучу партия уюштурган иш-чаралардын баарына активдүү катышкан.
XX кылымдын 50-жылдарынан 80-жылдарына чейинки мезгил кесиптик бирликтердин укуктарынын белгилүү бир өлчөмдө кеңейиши жана алардын коомдук коомдук-саясий турмушуна таасиринин көбөйүшү менен белгилүү. Ошол эле учурда алар коомдун административдик-командалык системасына туруктуу бекитилген коомдук-мамлекеттик уюмга айланган. Кыймылдаткыч күчтүн ролун аткаруу менен, алар партия берген тапшырмалардын баарын – социалисттик жарышты уюштуруудан, чарбалык эсептешүүнү жайылтуудан тарта дефицитти бөлүштүрүүгө чейин иш алып барышкан.
1984-жылы Кыргыз металлургия өнөр жайы жумушчуларынын кесиптик бирлигинин республикалык комитети уюштурулуп, ошол учурда кесиптик бирликтер бирикмесинин өзөгүн түздөн-түз Киргизсовпрофко караштуу кесиптик бирлик уюмдары — 5 миңден ашык кызматкери менен Кыргыз тоо-кен жана металлургия комбинаты (Орловка шаарчасы), эмгек жамааттары 3 миң кишиден ашык Кадамжай сурма комбинаты менен Айдаркен сымап комбинаты, УРС, Сумсар кени, Вторцветмет жана Вторчермет ишканалары түзгөн. Кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн жалпы саны 14000 кишиге жакын болгон.
1984-жылдын 5-майында тармактык кесиптик бирликтин уюштуруу конференциясы менен биринчи уюштуруу Пленуму өткөн.
80-жылдардын аягында СССРде саясий жана экономикалык системаларды кайра куруу процесси жүрүп жатканы, КПСС гегемониясы кыйроо этабында болгону, саясий плюрализм үчүн мейкиндик ачылып, өлкөнүн рыноктук экономикага өтүүгө даярдык көрүп жатканы белгилүү болду. Киргизсовпроф съезди кеңешти жоюу жана Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.
СССР кулаган мезгилде Республикалык кесиптик бирлик оор мезгилдерди башынан өткөрдү. Экономикалык алакалардын үзүлүшү, чийкизат булактарынан ажыроо, сатуу рынокторун жоготуу, жүгүртүм каражаттарынын жоктугу айрым ишканалардын биротоло жабылышына себеп болсо, айрымдары – ишин улантуу үчүн күрөшүүгө мажбур калышты.
Тармактык кесиптик бирлик түзүлгөн алгачкы жылдары Борбордук комитетти Токтоназаров О.А., Жакыпов Т.И. жана Жээнбеков А.А. башкарышкан. Лидерлер өткөөл мезгилдин чакырыктарын жеңип чыгып, тармактык кесиптик бирликти сактап калышкан.
Жаңы шарттарда кесиптик бирлик кыймылынын башкаруу жана уюштуруу формаларын кайра түзүү процесстери тармактык кесиптик бирликтерге да таасирин тийгизген. Эгемендүү Кыргызстандын тармактык кесиптик бирликтеринин бирикмелери түзүлгөн. 1990-жылы Кыргыз Республикасынын тоо-кен металлургиялык өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Съезди өтүп, кесиптик бирликтин төрагалыгына Мырзалимов Муратбек Мырзалимович шайланган.
Үчүнчү этап – Кыргыз Республикасынын тоо-кен металлургиялык өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин эгемендүүлүк мезгилиндеги ишмердүүлүгү.
1990-жылдардын башында ишканалардын жоюлушунан жана жумуш орундарынын массалык түрдө кыскарышынан улам, көптөгөн жогорку квалификациялуу, тажрыйбалуу адистер көчөдө калышкан. Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн саны кескин азайган. Кесиптик бирликтердин бедели түшүп кеткен. Турак-жайлардын, социалдык объектилердин курулушу токтоп калган. Тескерисинче, санаторий-профилакторийлерди, балдар лагерлерин менчиктештирүү башталган. Менчиктештирилип кеткен объектилердин катарында Кыргыз тоо-кен металлургиялык комбинатынын «Чайка» лагери да болгон. Мамлекет тарабынан жумушчулардын ден соолугун чыңдоого бөлүнгөн каражаттын көлөмү олуттуу даражада азайгандыктан, ден соолугун чыңдайм деген жумушчулардын саны да кескин кыскарган.
Кадамжай сурма комбинаты, Айдаркен сымап комбинаты, Кыргыз тоо-кен жана металлургия комбинаты сыяктуу ири ишканалар кыйынчылыктарга дуушар болуп, банкроттун чегине жетишкен. Көп ишканалар «ХИПИК» программасына киргизилип, көйгөйлөрү мурункудан да көбөйгөн.
Анын үстүнө, кесиптик бирликтер рыноктук мамилелердин шарттарында жетекчилер менен өз ара аракеттешүүнүн жаңы жактарына кабылышты. Эми жумушчулар жаңы типтеги жетекчилер, менеджерлер – көбүрөөк акча табууну, анын ичинде адам ресурстарынын чыгымдарын азайтуунун эсебинен кирешесин көбөйтүүнү көздөгөн бизнесмендер менен иштешүүгө аргасыз болду.
Жогоруда аты аталган лидерлердин аркасы менен республиканын тоо жумушчулары жана металлургдары «Союзметалл» кесиптик бирликтер борбору, Евразия эл аралык металлисттердин кесиптик бирликтер федерациясы жана Эл аралык металлисттер федерациясы (азыркы «IndustriAll» глобалдык бирлиги) сыяктуу тармактык кесиптик бирликтердин бирикмелерине кошулушту. Мындай абал Кыргыз Республикасынын тоо-кен металлургиялык өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин позициясын бекемдей алды.
2005-жылы тармактык кесиптик бирликтин жаңы Уставы кабыл алынып, Кыргызстан тоо-кен металлургия кесиптик бирлиги деген жаңы аталышка ээ болду.
Кыргызстан тоо-кен металлургия кесиптик бирлигинин 2010-жылдын 3-июнунда өткөн V Съезди тармактык кесиптик бирликтин ишмердүүлүнүн жана өнүгүүсүнүн таптакыр жаңы багытын тандады. Тармактык кесиптик бирликти сервистик моделден уюмдук моделге өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Анда кесиптик бирликтин ар бир мүчөсү өкүлчүлүк кылган уюмдун ишмердүүлүгүнө активдүү катышып, кабыл алынган чечимдер менен иш-аракеттер үчүн жоопкерчилик алган. Маселенин башына органайзинг коюлган, б.а. кесиптик бирлик ишинин жаңы формасын жана мазмунун түзүү, ар бир жумушчуну кесиптик бирликтин ишине активдүү катыштыруу милдети коюлду.
Кыргызстан тоо-кен металлургия кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин кызматкерлеринин штаты 5 кишиден 12 кишиге чейин кеңейтилди. Бүгүнкү күндө борбордук аппаратта укуктук жана техникалык инспекторлор, экономисттер жана бухгалтерлер эмгектенишет. Мындан тышкары, БКнын эки өкүлү бар: бири – көмүр өнөр жайы боюнча, экинчиси – түштүк региону боюнча. Негизги басым жаш, демилгелүү, амбициялуу адистерди ишке тартууга жасалат.
Байланыш маалыматтары: (996-312) 61-32-29, 61-32-24,
Дареги: Бишкек ш., Чүй пр., 505-каб.