
Төрага
Жолдошев Талгат Качкынбаевич
Кыргыз Республикасынын темир жолчуларынын жана транспорт куруучуларынын кесиптик бирлиги

Кыргыз Республикасынын темир жолчуларынын жана транспорт куруучуларынын кесиптик бирлигинин негизин 1905-жылы түзүлгөн революцияга чейинки Россиянын жана Советтер Союзунун темир жолчуларынын кесиптик бирликтери түзөт.
1924-жылдын 8-августунда Пишпек станциясына биринчи поезд келип токтогон. Кыргыз темир жолу дал ушул күндөн тарта иштей баштаган. Албетте, ошол мезгилдерде деле темир жолчулардын, жол куруучулардын жана бул тилке боюнча поезддерди башкаргандардын арасында Коммунисттик партия менен учурдун көйгөйлүү маселелерин чогуу чечкен кесиптик бирлик уюму болгон. Андыктан, 1924-жылдын 8-августун Кыргыз темир жолчуларынын кесиптик бирлигинин туулган күнү деп эсептөө кабыл алынган.
Согушка чейинки алгачкы беш жылдыкта, согуш мезгилинде Кыргызстанга ири көлөмдөгү жүктөр: Россиядан эвакуацияланган заводдор менен фабрикалар, жарадар жоокерлердин эшелондору келген, ал эми Кыргызстандан фронтту көздөй азык-түлүк, жабдуулар, аскерлер жиберилген, Темир жолдордун элдик комиссариатынын поезддик бригадалары уюштурулган. Кыргызстандын темир жолчулары ачкачылыкка, ызгаардуу суукка жана жокчулукка карабастан, партия менен кесиптик бирликтердин жетекчилиги алдында өз милдеттерин татыктуу аткарышкан. Жолдо кары адамдар, аялдар менен өспүрүмдөр иштеп, бул оор жүктү калган жумушчулар менен чогуу көтөрүп, тартиптин, уюшкандыктын жана эмгекчилдиктин үлгүсү боло алышкан.
1949-жылдын май айында Түркстан-Сибирь темир жолунун курамында Пишпек бөлүмү жана Пишпек «Райпрофсож» түзүлгөн. Анын биринчи төрагасы болуп, паровоз депосунун машинисти Калмыков Петр Васильевич дайындалган. Андан кийин «Райпрофсождун», «Дорпрофсождун» төрагалык кызматтарын Сидоров Георгий Иванович, Чигрина Мария Степановна, Гайдай Владимир Григорьевич, Пугачев Александр Александрович, Суходольский Александр Клементьевич, Чайковский Владимир Федерович, Довбий Александр Афанасьевич, Соодонбеков Саты Соодонбекович, Копанев Эльвир Степановичтер аркалаган.
2001-жылы Кыргыз Республикасынын темир жолчуларынын жана транспорт куруучуларынын кесиптик бирлигинин төрагасы болуп, Мазитов Роберт Миргазианович шайланган жана ушул күнгө чейин бул кызматты аркалап келет.
1992-жылдын 5-июлунда өткөн конференцияда жолдун Бишкек бөлүмүнүн темир жолчулардын жана транспорт куруучуларынын өз алдынча кесиптик бирлигин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Жаңы кесиптик бирликтин Уставы бекитилип, «Кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнүн программалык принциптери» кабыл алынган. Программалык принциптердин негизги багыты катары, эмгек жамааттарынын социалдык жактан корголушун камсыздоо белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 28-октябрындагы Жарлыгынын негизинде Кыргыз темир жол башкармалыгы түзүлгөн. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы макулдашууга ылайык, 1994-жылдын 1-октябрынан баштап мурдагы Орто Азия темир жолунун Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан участоктору Кыргыз темир жолунун курамына өткөрүлүп, жолдун Түштүк бөлүмү менен Бириккен кесиптик бирлик комитети түзүлгөн. Комитеттин төрагасы болуп Тешебаев Отакельди Халдарович дайындалып, бүгүнкү күндө дагы кызматын улантып келет.
Кыргыз темир жолунун макамынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, 1997-жылдын 10-январында өткөн кесиптик бирликтин конференциясында Кыргыз Республикасынын темир жолчуларынын жана транспорт куруучуларынын кесиптик бирлигинин жаңы Уставы бекитилип, 1997-жылдын 3-мартында КР Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын “Кесиптик бирликтер жөнүндө” жаңы Мыйзамынын негизинде, 2004-жылдын 4-августунда кесиптик бирлик конференциясынын чечими менен, Кыргыз Республикасынын темир жолчуларынын жана транспорт куруучуларынын кесиптик бирлиги 28.12.2004-жылы “Кыргыз Республикасынын темир жолчуларынын жана транспорт куруучуларынын кесиптик бирлиги” кесиптик бирликтердин республикалык тармактык бирикмеси” – «Кыргызпрофсож» деген аталыш менен КР Юстиция министрлигинде кайра каттоодон өткөн.
Темир жолчулардын кесиптик бирлигинин курамына саны 4 миң кишиден ашкан 41 кесиптик бирлик уюму кирет. Буларга Филиалдар менен жол станциялары, ошондой эле №97 Техникалык лицейдин, Санэпидемстанциянын, Темир жол ооруканасынын, Көпүрө отрядынын кесиптик бирлик уюмдары камтылган.
Ошондой эле кесиптик бирликтин каттосунда 1,5 миң кишиден ашык иштебеген жол ветерандары турат.
1993-жылдын 14-апрелинде Ашхабадда Кыргыз Республикасынын темир жолчуларынын кесиптик бирлиги Темир жолчулардын жана транспорт куруучуларынын кесиптик бирликтеринин эл аралык конфедерациясы – МКПЖнын курамына кирген.
2002-жылдын 1-январында Кыргыз Республикасынын темир жолчуларынын жана транспорт куруучуларынын кесиптик бирлиги Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы – КБФга, ал эми 2008-жылдын 18-июнунда Транспортчулардын эл аралык федерациясы – ITFке кирген.
Транспортчулардын эл аралык федерациясынын курамына темир жолчулардын, авиаторлордун, автомобилисттердин, моряктардын кесиптик бирликтери кирет. Дүйнө жүзүнүн кесиптик бирликтеринин тилектештигинин жана биримдигинин негизинде эмгекчилерди коргоо боюнча массалык иш-чаралар, ар түрдүү акциялар өткөрүлүп турат.
Кыргыз Республикасынын темир жолчуларынын жана транспорт куруучуларынын кесиптик бирлиги өз ишмердүүлүгүн мыйзамдардын негизинде: Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кесиптик бирликтер жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Мыйзамдарына, кесиптик бирликтин Уставына жана Жамааттык келишимге ылайык жүргүзөт.
Байланыш маалыматтары: 0 312 92-73-14,
Биздин дарек: Бишкек ш., Л.Толстой көч., 79