
Төрага
Дербишев Болот Абдиевич
Байланыш, маалымат технологиялары, өнөр жай жана башка тармактардын кызматкерлеринин кесиптик бирлиги
1925-жылдын январь айынан тартып Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Кесиптик бирликтер кеңеши Почта кызматкерлеринин бирлигине жана Электр байланышынын бирлигине кирген.
1934-жылдын 25-сентябрында Кыргыз ССРнин Байланыш кызматкерлеринин кесиптик бирлиги түзүлгөн.
1990-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Байланыш кызматкерлеринин кесиптик бирлиги болуп өзгөргөн.
2024-жылдын 26-январында КР Байланыш кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Республикалык комитетинин III Пленумунда төрагалыкка шайланган.
КР байланыш кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлөрү: «Кыргыз почтасы» ААК жана анын филиалдары.
Баштапкы кесиптик бирлик уюмдары – 44
Жалпы мүчөлөрүнүн саны – 2677
Эл аралык кызматташтык
КР байланыш кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Республикалык комитети башка өлкөлөрдүн байланыш кызматкерлеринин кесиптик бирликтери менен ийгиликтүү кызматташтык жүргүзөт:
– Россия Федерациясынын байланыш кызматкерлеринин жалпы россиялык кесиптик бирлиги;
– Азербайжандын байланыш кызматкерлеринин көз карандысыз кесиптик бирлиги;
– Казакстан Республикасынын байланыш кызматкерлеринин кесиптик бирлиги;
– Белорусиянын байланыш кызматкерлеринин кесиптик бирлиги;
– Байланыш кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин эл аралык бирикмесинин курамына кирген.
2003-жылдын октябрынан баштап UNI Эл аралык кесиптик бирликтер тармагынын (Union network international) мүчөсү.