
Төрага
Иманбаева Нургуль Айыповна
Кыргыз Республикасынын текстиль, жеңил, кагаз жана экономиканын жакын тармактарынын, өнөр жай, кызмат чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кесиптик бирлиги

Советтер Союзунун учурунда Кыргызстанда алгачкы кесиптик бирликтер уюштурулуп, алардын ичинде тектиль өнөр жайынын кызматкерлеринин дагы кесиптик бирликтери болгон. Кесиптик бирликтер эмгекти уюштурууда, кызматкерлерди социалдык коргоодо жана алардын эмгек шарттарын жакшыртууда маанилүү роль ойногон.
1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден кийин кесиптик бирлик уюмдары жаңы экономикалык шарттарга адаптациялануу мезгилинен өтүшкөн. Текстиль өнөр жайынын кызматкерлерин кошкондо, жалпы эмгекчилердин укуктарын сактап калуу жана аларды бекемдөө маанилүү милдетке айланган.
Кыргызстанда текстиль өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик бирлиги алар үчүн социалдык адилеттүүлүктү чыңдоодо жана укуктарын коргоодо маанилүү роль ойноо менен, ишмердүүлүгүн мүчөлөрүнүн жана жалпы эле өлкөнүн эмгекчи элинин жыргалчылыгына арнап келе жатат.
Биздин кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн саны 8000ден ашса, баштапкы уюмдарыбыздын саны – 80ден ашуун. Азыркы учурда Кыргызстандын текстиль өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик бирлиги жумушчулардын укуктарын коргоо, социалдык программаларды колдоо жана эмгек мамилелерин жөнгө салуу жааттарында активдүү иш алып барууда. Кесиптик бирлик жамааттык келишимдердин катышуучусу, өкмөттө жана иш берүүчүлөрдүн алдында кызматкерлердин кызыкчылыктарын сүрөмөлөйт.
Байланыш маалыматтары: 0312 61 32 04; 0550 658 558 (WA),
Дареги: Бишкек ш., Чүй пр., 207; 1-кабат, 5-кабинет
https://www.facebook.com/TextileLegprom/ https://www.instagram.com/reel/CrPwdyRIAIH/?igsh=eW5jYmlpYjh0MHoy