«Ала-Тоо» эс алуу үйү Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде Бишкек шаарынан 250 км аралыкта Чолпон-Ата шаарында жайгашкан. 1974-жылдан бери жайкысын гана иштеп, жалпысынан 1027 орунга эсептелген. Аймагында прибалтика тибиндеги жыгачтан тургузулган 48 стандарт коттедж жана кыштан тургузулуп, ичи жыгач менен беттелген 4 жакшыртылган коттедж орун алган. Номерлердин баары 2, 3, 4 кишилик номерлер. 2013-жылы пляждан 150 метр аралыкта жаңы люкс коттедждер курулган.
Стандарт номер: бир кишилик керебеттер, керебеттин жанына коюлган тумбалар, стол, 2 даана отургуч, идиш-аяк (табак, стакан, кашык), даараткана менен муздак суу жанаша эки номерге эсептелген, душ короодо (акы төлөнөт), номерге өзүнчө эшиктен кирет, террасасы бар. Стандарт номерлердин блогу 2+3 же 2+4
Жакшыртылган номер: бир кишилик керебеттер, шкаф, стол, отургучтар, кресло, телевизор жана муздаткыч, даараткана, душ (аристон), ысык/муздак суу, номерге өзүнчө эшиктен кирет
Жаңы люкс коттедждер: бир кишилик же эки кишилик керебеттер, шкаф, стол, отургучтар, идиш-аяк (табак, стакан, кашык), телевизор жана муздаткыч, даараткана, душ (аристон), ысык/муздак суу, номерге өзүнчө эшиктен кирет, үч кишилик номерлерде диван бар.
Тамактануу: үч маал тамак каралган, ашкана эки нөөмөт менен иштейт.
Пляжы кумдуу, коттедждерден пляжга чейин, жайгашкан жерине жараша, 100-350 метр.