«Ысык-Көл» эс алуу үйү (мурунку «Ысык-Көл» туристтик пансионаты) Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Ысык-Көл районунун Бостери айылына жакын жайгашкан. 01.06.1984-жылдан бери иштейт. «Кыргызкурорттуризм» башкармалыгынын балансына 2009-жылы өткөрүлгөн. Жер тилкесинин аянты 8,64 га түзөт. Эс алуучуларды жайгаштыруу үчүн эс алуу үйүнүн аймагында 2 корпус: 300 койка-орундуу №1 жана 92 койка-орундуу №2 түнөк корпустары, ошондой эле жеңил конструкциядан тургузулган 56 коттедж орун алган.
Жеңил конструкциядан тургузулган коттедждердин абалы канааттандырарлык эмес, себеби 39 жыл бою капталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. №1 жана №2 түнөк корпустарынын абалы канааттандырарлык, бирок реконструкция жана оңдоп-түзөө талап кылынат.
Эс алуу үйүнө жайкысын суроо-талап жогору болгондугун эске алуу менен, «Ысык-Көл» эс алуу үйүнүн сыйымдуулугун 450-500 койка-орунга чейин көбөйтүү маселесин чечүү зарылдыгы келип чыкты. Бул маселени чечиш үчүн эс алуу үйүнүн жетекчилиги эс алуу үйүнө жакын жайгашкан 3,8 га аянттагы жер тилкесине бартердик бүтүмдүн эсебинен бардык шарттары бар 2 жана 3 кишилик номерлери менен өзүнчө 2 кабаттуу коттедждерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрүп жатат.
Мындан тышкары, коноктордун жагымдуу жана жайлуу шарттарда жашап эс алуулары үчүн №1 түнөк корпусунун оң блогундагы номерлерди реконструкциялоо жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, имараттын фасадын оңдоп чыгуу жана №1 түнөк корпусунун жанындагы аймакты абаттоо талап кылынат.