Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине караштуу «Красная гвоздика» ден соолукту чыңдоо борбору уюштурулган.
Борбор Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, тактап айтканда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айылында жайгашкан (Тоң айылы, Узакбаев көч., 1/2).
«Красная Гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунун аймагында эс алуучулар үчүн 4 корпус жана 100 орундуу ашкана, ошондой эле 30 кишиге эсептелген конференц-зал бар.
Жай мезгилинде кесиптик бирликтин 2000ге жакын мүчөсү «Красная Гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда эс алып, ден соолугун чыңдап кете алышат.
Эс алуучулар үчүн коңшу Кажы-Сай айылындагы жылуу булакка кошумча сапарлар уюштурулат. Транспорт менен булак ванналары үчүн акы төлөп барышат.
Эс алуу учурунда кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн каалоосуна жана муктаждыктарына жараша, Борбордук комитет мүчөлөрүнүн потенциалын өстүрүү, жаңы мүчөлөрдү мотивациялоо боюнча тренингдерди жана семинарларды уюштурат.