Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Араван району, Аччы айылы.
«Чарбак» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору 1962-жылы курулган, 200 койка-орунга эсептелген. «Чарбак» БДЧБнын жер тилкесинин жалпы аянты 10,21 га түзөт.
БДЧБнын аймагында 2 түнөк корпусу бар. Алардын ичинде:
– №1 түнөк корпусу, 1962-жылы салынган, койка-орундардын саны –140;
– №2 түнөк корпусу, 1962-жылы салынган, койка-орундардын саны – 60;
– ашкана – 150 орунга эсептелген;
– Иш-чаралар залы;
– Жайкы клуб;
– Жайкы бассейн;
– Жайкы ашкана;
– Жайкы душ;
– Спорт аянтчасы;
– Медпункт.