Бүгүнкү күн аялдардын кесиптик бирлик кыймылы үчүн маанилүү окуя менен коштолду. ККБФ тармактык комитеттеринин Аялдар кеңештеринин мүчөлөрү ККБФ Аялдар кеңешине жаңы төрайымды шайлады.
ККБФ Аялдар кеңешинин төрайымынын кызматына болгону үч талапкер чыгып, 16 киши добуш берди. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эки тур болду. Экинчи турда талапкер Рыскүл Бабаевага 6 киши, экинчи талапкер – Ирэн Исаковага 10 катышуучу добушун берди. Натыйжада ККБФ Аялдар кеңешинин төрайымынын кызматына Ирэн Исакова шайланып, анын орун басары болуп Рыскүл Бабаева, Аялдар кеңешинин катчысы болуп Венера Рыскулова шайланды.
Аялдар кеңешинин отурумуна ККБФ төрагасынын биринчи орун басары Саламат Боёнов, ККБФ төрагасынын жардамчысы Венера Рыскулова жана ККБФ тармактык уюмдарынын Аялдар кеңешинин 16 мүчөсү катышты.
Күн тартибинде бир нече маселе каралып чыкты: ККБФ Аялдар кеңешинин төрайымын шайлоо, 2024-2025-жылдарга Аялдар кеңешинин иш-аракеттер планы жана башка маселелер.
Катышуучулар менен саламдашып жатып, Саламат Боёнов, ККБФ Аялдар кеңеши – бул кесиптик бирлик кыймылынын жумуш орундарында аялдардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн жооптуу болгон маанилүү түзүмдөрүнүн бири экенин белгилеп кетти.
«Аялдар экономиканын ар түрдүү тармактарында иштешет жана жыныстык өзгөчөлүгү боюнча басмырлоо, эмгек акынын бирдей төлөнбөшү, энелик жана үй-бүлөгө байланыштуу социалдык кепилдиктердин жоктугу сыяктуу көйгөйлөргө көп туш болушат. ККБФ Аялдар кеңеши жумуш орундарында бирдей эмгек шарттарынын түзүлүшүн жактоо менен, эмгекчи аялдардын укуктарын коргоону уланта бермекчи», – деп сөзүн жыйынтыктады.
Отурумдун аягында жаңы төрайым Ирэн Исакова кесиптештерине ага көрсөткөн ишенимдери үчүн ыраазычылык билдирип, Аялдар кеңеши эмгек чөйрөсүндө аялдардын алдында турган актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүнөн иштөөнү уланта турганын белгиледи.