2024-жылдын 3-июнунда Швейцариянын Женева шаарында Эл аралык эмгек уюмунунун Эл аралык эмгек конференциясынын 112-сессиясы башталды. Жыйынга жыл сайын ЭЭУнун 187 мүчө өлкөсүнүн 5000ден ашуун өкмөт өкүлдөрү, иш берүүчүлөрү менен кызматкерлери катышат.
Кыргызстандан барган делегациянын курамына КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, ККБФ төрагасынын орун басары Эрбол Турсунбек уулу жана КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова кирди.
ЭЭУнун башкы директору Жильбер Унгбо күн тартибиндеги негизги социалдык жана эмгек маселелерин белгилеп, алардын учурдагы маанисин айтты. Мындан тышкары, күн тартибинде кызматкерлерди климаттын өзгөрүшүнүн жана биологиялык коркунучтардын кесепеттеринен коргоо, татыктуу эмгек, ошондой эле эмгек чөйрөсүндөгү негизги принциптер менен кызматкерлердин укуктары жөнүндөгү маселелер да орун алган.
Конференциянын алкагында ЭЭУ башкы директору Жильбер Унгбо КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары башында турган кыргыз делегациясы менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов ковидден кийинки мезгилде Кыргызстанда жетишилген социалдык-экономикалык прогресс тууралуу маалымат берип, экономиканын өсүү темпинин, жумушчу күчкө суроо-талаптын жана эмгек акысынын жогорулаганын белгилеп өттү. Иш-чаранын алкагында ЭЭУ башкы директоруна ЭЭУнун «Эмгек чөйрөсүндө зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө» №190 конвенциясына Кыргызстандын расмий кошулгандыгы тууралуу ратификациялык грамотаны тапшыруу аземи болуп өттү.
Конференциянын жүрүшүндө 2024-жылдын 3-июнунан 14-июнуна чейин ЭЭУнун жетекчилиги астында көтөрүлүп чыккан көп тараптуу демилге болуп саналган жана БУУнун 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча прогрессти тездетүүгө багытталган Социалдык адилеттүүлүк үчүн глобалдык коалициянын биринчи форумун өткөрүү күтүлүүдө.