2024-жылдын 18-майында Бишкек шаарында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы ККБФ төрагасы Мурадил Жумадилде уулунун демилгеси жана жеке катышуусу менен кесиптик бирликтердин «Ден соолук жана Биримдик» аттуу масштабдуу марафонун өткөрдү.
Спорттук иш-чара Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдык юбилейинин, 1-май Эмгек күнүнүн жана алдыдагы Кыргызстан кесиптик бирликтеринин 100 жылдык юбилейинин урматына уюштурулду.
Иш-чарага КР Президентинин кеңешчиси, «Жаштык» спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү жана жаштар менен иш алып баруу дирекциясынын директорунун орун басары, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, ККБФ төрагасы, коомдук ишмерлер, ККБФ Республикалык жана Борбордук комитеттеринин төрагалары, кесиптик бирликтердин активисттери жана борбор калаанын тургундары катышты.
Масштабдуу чуркоого 1000ден ашык киши: ККБФ тармактык комитеттеринин жана борбордук аппаратынын мүчөлөрү, профессионалдуу спортчулар, ошондой эле сергек жашоо образын жактаган жарандар катышты.
Марафондун максаты – жаштардын, иштеп жаткан улуу муундагы жана күмүш курактагы жарандардын арасында спортту, сергек жашоо образын жана физикалык активдүүлүктү жайылтуу, ошондой эле бардык эмгекчилердин башын бириктирүү.
Марафондун катышуучулары Анкара көчөсүнөн Чүй проспектине чейин Чолпон-Ата көчөсү менен 5 км аралыкты чуркап өтүштү. Алар Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын атайын медалдары жана баалуу белектер менен сыйланды. Марафондун бардык катышуучулары үчүн артисттердин катышуусунда майрамдык шоу-программа болуп өттү.
Эскерте кетчү нерсе, аталган спорттук иш-чара ККБФнын жакында эле түзүлгөн Жаштар кеңеши тарабынан уюштурулган.