Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы (ККБФ) менен Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы (БУӨ) балдар эмгегине каршы күрөшүүгө жана жашы жете электердин эмгек укуктарын коргоого багытталган биргелешкен иш-чаралар планын ишке ашыруу башталганы жөнүндө билдиришти. План 2024-2025-жылдарга түзүлүп, өлкөнүн борбор калаасын да, башка аймактарын дагы камтыйт.
Бүгүн, 2024-жылдын 24-сентябрында КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева менен Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу биргелешкен Иш-чаралар планына кол коюшту.
Кол коюлган Иш-чаралар планынын алкагында балдар эмгеги боюнча абалды баалап чыгуу максатында Бишкек шаарынын базарларын, таштанды жайларын жана тейлөө чөйрөсүнүн объектилерин кыдырып чыгуу пландалган. Мындан тышкары, өлкөнүн аймактарындагы базарларга, тейлөө чөйрөсүнүн объектилерине жана балдар эмгегин эксплуатациялоо тобокелдиги жогору болгон башка жерлерге да биргелешкен сапарлар уюштурулат.
Аталган иш-аракет Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы менен КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым өкүлүнүн катчылыгынын, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, КР Ички иштер министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.
Биргелешкен иш-аракеттин алкагында балдардын эмгек укуктарына байланыштуу маалыматтык мүнөздөгү брошюралар, буклеттер басылып чыгып, социалдык роликтер даярдалмакчы.
Октябрь айынан тартып, орто мектептердин 8-11-класстарынын окуучулары жана колледждердин студенттери үчүн эмгек укуктары, гендердик теңчилик жана зомбулуктан коргоо боюнча (ЭЭУнун №190 Ковенциясы) лекциялар өткөрүлө баштайт.