2024-жылдын 27-28-ноябрында Душанбе шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кесиптик бирликтер кеңешинин отуруму өтүп жатат.
Отурумга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын улуттук кесиптик бирликтеринин лидерлери, ошондой эле Азербайжан менен Түркмөнстандан келген өкүлдөр катышууда.
ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулу жетектеген кыргызстандык делегациянын курамына ККБФ төрагасынын орун басары Өмүрбек Шаршеналиев, саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Султан Абдылдаев, жеңил өнөр жай, экономиканын жакын тармактары жана тейлөө чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы Нургүл Иманбаева жана жеңил өнөр жай, экономиканын жакын тармактары жана тейлөө чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымынын орун басары Алмабүбү Жаркынбаева кирди.
Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кесиптик бирликтер кеңешинин кызматташуусунун алкагында аймактын кесиптик бирликтеринин социалдык-экономикалык саясат жана эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү биргелешкен стратегияларын иштеп чыгууга жана чыңдоого арналган семинар башталды.
Семинардын алкагында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы «Чек ара миграциясын колдоодогу кесиптик бирликтердин ролу. Борбор Азияда ийгиликтүү мамлекеттер аралык миграцияга көмөктөшүү» деген темада презентация жасады.
Мурадил Жумадилде уулу өз сөзүндө эмгек миграциясы – бул жөн гана чакырык эмес, бул – өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштарды чыңдоо үчүн мүмкүнчүлүк дагы экенин белгилеп өттү.
«Чек ара миграциясынын, жалпы эле эмгек миграциясынын маанисин эске алуу менен, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясында кесиптик бирликтердин жаңы бирикмеси – «Чет өлкөдө эмгектенгендердин кесиптик бирлиги» түзүлдү. Бирикменин алгачкы Түзүүчүлөр съезди өткөрүлүп, Уставы бекитилди жана төрагасы шайланды.
Чет өлкөдө эмгектенгендердин кесиптик бирлиги мигранттарга укуктук жардам берүү жана аларды коргоо, эмгек укуктарын коргоо, аларга консультация жана маалымат берүү жаатында иш алып барат.
Кыргызстан 2008-жылы ЭЭУнун «Эмгекчи мигранттар жөнүндө» №97 Конвенциясын ратификациялагандыгын белгилей кетмекчимин.
Бүгүнкү күндө Россиянын, Түркиянын, Литванын, Латвиянын, Германиянын кесиптик бирликтери менен кызматташтык жөнүндө бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, аталган өлкөлөрдө биздин өкүлдөр болот жана мекендештерибизге эмгек чөйрөсүндө жардам беришет», – деп билдирди ККБФ төрагасы.
Отурумдун алкагында БАКБКнын «Мыкты социалдык өнөктөш» наамын ыйгаруу үчүн сынактын жыйынтыктары чыгарылды. ККБФ тараптан көргөзмө-сынактын жеңүүчүсү болуп, «Токтогул ГЭСтеринин каскады» – директору Тайчабаров Амангелди Ормонович аныкталды.
Белгилей кетчү нерсе, эки күндөн бери кесиптик борборлордун лидерлери эмгектин адилеттүү төлөнүшүнө, эмгек шарттарына жана социалдык камсыздоонун жеткиликтүүлүгүнө басым жасоо менен, эмгек мигранттарын социалдык коргоонун укуктук негиздерин жана чараларын ишке ашыруу жолдорун талкуулашмакчы.
