Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу TURK-IS конфедерациясынын мүчөсү – Түркиянын мейманкана бизнеси, ресторандар жана көңүл ачуу чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин (TOLEYIS) 15-Башкы ассамблеясына катышууда.
Кыргызстандык делегациянын курамына токой тармактарынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин республикалык комитетинин төрагасы Аязбек Кыдыргычев, агрардык өнөр жай комплексинин жана айыл чарбасынын муниципалдык кызматкерлеринин борбордук комитетинин төрагасы Ниязбек Дүйшенов кирген.
Бул конференциянын максаты – эмгекчилердин биригүүсү жана тилектештиги, чөйрөнүн кызматкерлеринин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, тажрыйба алмашуу.
Стамбул шаарында 2024-жылдын 24-майынан 26-майына чейин Башкы ассамблея өтүп жатат
Түркиянын мейманкана бизнеси, ресторандар жана көңүл ачуу чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кесиптик бирлиги IUF Тамак-аш, айыл чарба жана мейманкана кызматкерлеринин бүткүл дүйнөлүк бирлигинин мүчөсү экенин жана Түркиянын кесиптик бирликтеринин конфедерациясынын курамына киргенин белгилей кетмекчибиз.
Тамак-аш, айыл чарба жана мейманкана кызматкерлеринин бүткүл дүйнөлүк бирлиги – азык-түлүк, тамеки өнүмдөрүн жана айыл чарба продукцияларынын «сокодон табакка чейинки» өндүрүшүнүн бардык тармактарынын кызматкерлерин өз ичине камтыган кесиптик бирликтердин бүткүл дүйнөлүк федерациясы. Федерациянын курамына 126 өлкөнүн 407 уюму кирет.
Агрардык өнөр жай комплексинин жана айыл чарбасынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети менен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин республикалык комитети IUF федерациясынын мүчө уюмдары. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасынын орун басары Эльмира Жунушалиева – IUF федерациясынын Аткаруу комитетинин Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймагындагы титулдук өкүлү.