2024-жылдын 13-майында Худжанд шаарында (Тажикстан Республикасы) Борбор Азия өлкөлөрүнүн кесиптик бирликтер кеңешинин (БАКБК) V отуруму өттү. Субаймактык форумга Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Монголиянын улуттук кесиптик бирлик борборлорунун жетекчилери, ошондой эле Эл аралык эмгек уюмунун өкүлдөрү ж.б. катышты.
ККБФ төрагасы Мурадил Жумадилде уулу башында турган кыргызстандык делегациянын курамына ККБФ төрагасынын орун басары Турусбек уулу Эрбол, Тоо кен-металлургия кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Медер Атаянов, токой тармактарынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин республикалык комитетинин төрагасы Аязбек Кыдыргычев кирди.
Отурумду ачып жатып, Тажикстандын көз карандысыз кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Маликшо Нематзода кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча аймактык кызматташуудагы уюмдун ролун белгилеп өттү.
Талкуунун баштапкы темасы катары, Трансулуттук корпорациялардагы (ТУК) татыктуу эмгек жана ТУК иш берүүчүлөрүн социалдык өнөктөштүккө тартуу боюнча маселе каралып чыкты. Бул тема боюнча Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу доклад окуп жатып, төмөнкүлөрдү айтты:
“Дүйнөдөгү глобалдашуу процесси менен экономикалык абал социалдык-эмгектик мамилелерге жана жалпы эле эмгек рыногуна түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Эмгек рыногунун багытын салттуу жана өнөр жай тармактарынан маалымат технологиялары жана кызматтар менен байланыштуу секторлорго буруу менен анын түзүмүнүн өзгөрүшүнө көмөктөшүүдө. Ал эми климаттын өзгөрүүсү жана эмгек рыногунун жаңы тенденциясынын талаптары жашыл экономиканын өнүгүшүнө жана жашыл жумуш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө болуп жатат. Айрыкча бул трансулуттук корпорацияларга да тийиштүү. Борбор Азия өлкөлөрүндө жашыл экономикага өтүү үчүн шарттар менен себептер бар. Аймагынын кеңдиги, пайдалуу геосаясий абалы, жаратылыш ресурстары, рынокто күн санап натыйжалуулугу жана жеткиликтүүлүгү жогорулап жаткан жашыл технологияларга суроо-талаптардын өсүп жатканы жана башка факторлор жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачууда”.
Эл аралык эмгек уюмунун атынан Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Сергиюс Гловацкас семинардын катышуучуларына салам жолдоо менен, социалдык-эмгектик чөйрөдөгү чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү маанилүү экенин айтты.
Отурумдун катышуучулары жашыл экономика саясатын коопсуз эмгектин инструменти катары колдонуу, Борбор Азия өлкөлөрүнүн кесиптик бирликтер кеңешин Азия кесиптик бирликтер конфедерациясына өзгөртүп түзүү жана Борбор Азияда “Мыкты иш берүүчү” наамы үчүн сынак өткөрүү жөнүндө маселелерди талкуулашты.
Мындан тышкары, БАКБК отурумунун алкагында мүчө өлкөлөрдүн улуттук кесиптик бирликтеринин ортосунда футзал боюнча «БАКБК кубогуна» спорттук жарыш уюштурулду.