Бүгүн билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин баштапкы уюмдарынын төрагалары үчүн семинар-кеңешме өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин төрагасы Саламат Боёнов жана Чүй облусу, Бишкек шаарынын баштапкы кесиптик бирликтер уюмдарынын төрагалары активдүү катышышты.
Семинар-кеңешменин жүрүшүндө кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, эмгек жана социалдык укуктарды коргоо, ошондой эле баштапкы уюмдардын ишин заман талабына ылайык өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Өз сөзүндө ККБФ төрагасы баштапкы уюмдарынын төрагаларынын ролу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи:
«Кесиптик бирликтердин күчү – баштапкы уюмдарда. Көп нерсе дал ушул сиздердин күнүмдүк ишиңиздерге, жоопкерчилигиңиздерге жана активдүүлүгүңүздөргө байланыштуу. Ар бир мугалимдин укугу өз убагында корголушу керек», – деди ал.
Ошондой эле ал мугалимдердин коомдогу ордуна токтолуп, алардын эмгеги өзгөчө баалоого татыктуу экенин белгиледи:
«Мугалим – келечекти тарбиялаган негизги күч. Билим берүү тармагындагы кызматкерлерди колдоо – бул өлкөнүн келечегине кам көрүү дегенди билдирет. Кесиптик бирлик ар дайым мугалимдердин жанында болушу керек», – деп баса белгиледи төрага.
Мындан тышкары, Мурадил Джумадилде уулу кесиптик бирликтер учурда санариптештирүү жолуна түшкөнүн айтып, бүгүн профсоюздар ачык, жеткиликтүү жана заманбап жолунда. Санариптештирүү ар бир мүчө үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, иш ачык-айкын болоорун айтты.
Семинар учурунда баштапкы уюмдарынын төрагалары мектептерде орун алып жаткан маселелерди көтөрүштү: мугалимдердин жүктөмү, иш убактысынын сакталышы, эмгек шарттары жана социалдык кепилдиктер.
Семинардын алкагында ККБФ Профсоюздук эмгек институтунун адистери КР Эмгек кодекси, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы, ошондой эле кадрдык документацияны туура жүргүзүү боюнча окуу сабактарын өткөрүштү.
Семинар-кеңешме конструктивдүү маанайда өтүп, профсоюздук ишти мындан ары өнүктүрүүгө багытталган маанилүү сунуштар айтылды.






