2026-жылдын 25–27-февраль күндөрү Сочи шаарында «Муундардын эс тутуму — биримдиктин кепилдиги» аттуу эл аралык профсоюздук жаштар форуму болуп өттү. Аталган иш-чарага Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын делегациясы катышты. Кыргыз делегациясын ККБФ Жаштар кеңешинин төрагасы Кайрат Тороев жетектеди.
Форумга ар кайсы өлкөлөрдөн келген профсоюздук жаш лидерлер, эксперттер жана коомдук ишмерлер катышып, муундардын ортосундагы байланышты чыңдоо, тарыхый эс тутумду сактоо жана жаштардын профсоюздук кыймылдагы ролун күчөтүү маселелерин талкуулашты.
Форумдун алкагында панелдик талкуулар, тажрыйба алмашуу аянтчалары жана билим берүүчү сессиялар өткөрүлдү. Катышуучулар эмгекчилердин укуктарын коргоо, социалдык адилеттүүлүк, патриоттук тарбия жана эл аралык кызматташтык боюнча пикир алышты.
«Мындай форумдар жаштар үчүн өтө маанилүү. Биз тарыхты эстеп гана тим болбостон, андан сабак алып, келечекти биргеликте курууга умтулушубуз керек. Профсоюздук кыймыл — бул жаштардын демилгеси, энергиясы жана жаңы идеялары менен өнүгөт. Эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуу биздин көз карашыбызды кеңейтип, ынтымакты бекемдейт» -деп белгиледи Кайрат Тороев.
Форумдун алкагында катышуучулар тарыхый жайларга барып, бак-дарактарды отургузуп, ата-бабалардын элесине таазим кылышты.










