2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Майыптыгы бар аялдар: тоскоолдуксуз лидерлик» аталышындагы пресс-кафе болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары Ализа Солтонбекова катышып, аялдардын, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коомдук турмушка активдүү катышуусун колдоо маанилүү экендигин белгиледи.
Пресс-кафе ачык диалог аянтчасы болуп, майыптыгы бар аялдарды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарын, жарандык коом уюмдарын, эл аралык өнөктөштөрдү, ошондой эле медиа жана гендер маселелери боюнча эксперттерди бириктирди.
Иш-чаранын форматы журналисттер үчүн атайын уюштурулуп, майыптыгы бар аялдардын лидерлиги маселелерине кошумча көңүл бурууга жана бул теманы ЖМКларда сапаттуу жана сезимтал чагылдырууну күчөтүүгө багытталды.




