Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы алдында иш алып барган Аялдар жана гендердик саясат маселелери боюнча кеңештин жыйынында жаңы төрайым шайланды. Кеңештин чечими менен бул жооптуу кызматка Салтанат Мамбетова дайындалды.
Жыйындын катышуучулары Салтанат айымдын кесипкөйлүгүн, уюштуруучулук жөндөмүн жана коомдук иштердеги тажрыйбасын жогору баалап, анын талапкерлигин бир добуштан колдошту.
Жаңы төрайым өз сөзүндө аялдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчиликти илгерилетүү жана эмгек тармагында аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытындагы иштерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Анын айтымында, кеңештин иши мындан ары жаңы дем, жаңы ыкмалар жана заманбап көз караштар менен улантылат.
«Биз аялдардын коомдогу жана эмгек жамааттарындагы ролун бекемдөөгө, алардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө жана гендердик саясатты ишке ашырууда натыйжалуу механизмдерди киргизүүгө умтулабыз», — деп белгиледи Салтанат Мамбетова.
Аялдар жана гендердик саясат маселелери боюнча кеңеш аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, эмгек укуктарын коргоо жана тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге көтөрөт деп күтүлүүдө.
