Кыргызcтан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Литва Республикасынын профсоюздар конфедерациясынын президенти Даля Якутавиче менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн профсоюз кыймылынын өнүгүүсү, эмгекчилердин укуктарын коргоо, социалдык диалогду өнүктүрүү жана эл аралык кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Мурадил Джумадилде уулу бул жолугушуу эки өлкөнүн профсоюздары үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи.
«Биз үчүн Литванын профсоюздары менен кызматташтыкты өнүктүрүү абдан маанилүү. Мындай өнөктөштүк эмгек мигранттарынын укуктарын коргоону күчөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана биздин жарандарга чет өлкөдө иштеп жаткан учурда укуктук жана маалыматтык колдоо көрсөтүүнү жакшыртууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Биз профсоюздар ортосундагы диалогду мындан ары да бекемдеп, эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоо багытында биргелешкен иштерди улантууга даярбыз», — деди ал.
Белгилей кетсек, Евростаттын маалыматы боюнча учурда Литвада 7 миңден ашуун Кыргызстандын жарандары эмгектенет. Профсоюздардын ортосундагы мындай кызматташтык алардын эмгек укуктарын коргоого, мыйзамдуу жана коопсуз иш шарттарын камсыз кылууга багытталган.


