Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Литва Республикасынын “Солидарность” профсоюздар федерациясынын төрагасы Кристина Крупавичене менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек миграциясына байланышкан актуалдуу маселелерди, мигрант эмгекчилердин укуктарын коргоону, эмгек талаштарын жөнгө салууну жана социалдык диалогду өнүктүрүүнү талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы менен Литванын “Солидарность” профсоюздар федерациясы кызматташуу мемомандумуна кол коюлду.
Кол коюлган меморандумдун алкагында Литвада иштеп жаткан кыргызстандык эмгекчилер зарыл болгон учурда Литванын «Солидарность» профсоюздар федерациясына кайрылып, укуктук жана консультациялык жардам ала алышат. Бул кызматташтык эмгек талаштарын чечүүгө, эмгекчилердин укуктарын коргоого жана алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын колдоого багытталган.
ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулу бул документ эмгек мигранттарын коргоодо маанилүү кадам экенин белгиледи.
«Кыргызстан менен Литванын профсоюздарынын ортосундагы кызматташтык эмгек мигранттарынын укуктарын натыйжалуу коргоого, алардын эмгек шарттарын жакшыртууга жана эл аралык профсоюздук тилектештикти бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат», — деди ал.
Өз кезегинде Кристина Крупавичене эмгек мигранттарын колдоо маанилүү экенин белгиледи.
«Биз эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурабыз. Кыргызстан менен кызматташтык тажрыйба алмашууга, маалыматтык колдоону күчөтүүгө жана чет өлкөдө иштеп жаткан эмгекчилердин укуктарын натыйжалуу коргоого мүмкүнчүлүк берет», — деп билдирди ал.
Жолугушуунун катышуучулары мындай кызматташтык эмгек мигранттарынын укуктарын коргоону күчөтүүгө, маалымат алмашууну жакшыртууга жана эки өлкөнүн профсоюздарынын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.




