2026-жылдын 18–мартында Бишкек шаарында Европалык коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюздар федерациясынын (EPSU) Борбор Азия боюнча округдук жыйыны өттү. Бул маанилүү эл аралык иш-чарага Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу катышып, саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлерди колдоо маселелерин көтөрдү.
Жыйынга Борбор Азия өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо тармагындагы профсоюз өкүлдөрү катышып, тармактагы актуалдуу көйгөйлөр, кызматкерлердин укуктарын коргоо жана социалдык кепилдиктерди күчөтүү маселелери кеңири талкууланды. Иш-чараны Кыргызстандын Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлиги уюштурду.
Өз сөзүндө Мурадил Джумадилде уулу медицина кызматкерлеринин эмгеги коом үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, профсоюздардын бул багыттагы ишмердүүлүгүнө токтолду:
«Медициналык кызматкерлер — саламаттык сактоо системасынын негизи жана коомдун коопсуздугунун кепилдиги. Ошондуктан кесиптик бирликтердин милдети — алардын укуктарын коргоо.
Бүгүнкү күндө Эмгек боюнча эл аралык уюмдун №155 жана №187 Конвенцияларын — “Эмгектин коопсуздугу жана гигиенасы жана өндүрүш чөйрөсү жөнүндө” ратификациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ошондой эле кызмат учурунда медициналык кызматкерлерге кол салууга каршы чараларды күчөтүү маселеси каралууда.
Борбордук Азиядагы саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акыларын изилдөөнү сунуш кылмакмын, анткени кийинчерээк бирдиктүү методиканы иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле Европа өлкөлөрүндө медициналык кызматкерлер үчүн зарыл болгон укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайм. Анткени белгилүү болгондой, Кыргызстандагы көптөгөн медкызматкерлер Батыш жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө санитарка, медайым болуп иштөөгө кетишет.
Мындай эл аралык жолугушуулар өткөрүлүп жатканы абдан жакшы, анткени алар бардык эмгекчилердин маселелерди талкуулап, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет», — деди ал.
Жолугушууда ошондой эле EPSUнун Башкы катчысы Ян Виллем Гудриан, «AQNIET» профсоюзунун төрагасы Бахытжан Тажибаев жана Кыргызстандын саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Султан Абдыкадыров сөз сүйлөштү .
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү да катышты.






