Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Жаштар кеңешинин төрагасы Кайрат Тороев Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө ал жаштардын эмгек укуктары, аларды коргоо механизмдери жана укуктар бузулган учурда профсоюзга кайрылуу керектиги тууралуу кеңири маалымат берди.
Кайрат Тороев өз сөзүндө студенттер эмгек рыногуна жаңы кадам таштап жаткан учурда өз укуктарын билүүсү өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, жаштар көп учурда мыйзамдагы мүмкүнчүлүктөрдү толук билбегендиктен, алардын укуктары бузулуп калышы мүмкүн.
Ошондой эле жолугушууда студенттер үчүн иштелип чыккан дисконттук картасы тууралуу маалымат берилди. Бул карта пилоттук негизде Бишкек гуманитардык университетинде ишке киргизилип, студенттерге ар кандай жеңилдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Эскерте кетсек, бул долбоор “Кыргызстан жаштар кыймылы” коомдук уюму менен биргеликте иш ашууда.
Жыйынтыгында, Кайрат Тороев студенттерди өз укуктарын коргоодо активдүү болууга жана кесиптик бирликтердин катарына кошулууга чакырды.






