Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу авиация тармагынын жана мамлекеттик ишканалардын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин семинар-кеңешмесине катышты. Семинар профсоюздардын эмгек институту тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында катышуучуларга эмгекти коргоо, кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, социалдык кепилдиктер, дисконттук карталар аркылуу берилген жеңилдиктер, ошондой эле кесиптик бирликтердин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.
Өз сөзүндө Мурадил Джумадилде уулу бүгүнкү күндө кесиптик бирликтер ачык жана жеткиликтүү болуп калганын белгиледи. Ал 1229 кыска номери аркылуу иштеген ишеним телефону жарандардын жана кызматкерлердин кайрылууларын кабыл алып, ыкчам жардам көрсөтүп жатканын баса белгиледи.
«Биздин негизги милдет — кызматкерлердин укуктарын коргоо, алардын коопсуз жана татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу. Бүгүнкү күндө профсоюздар ар бир кызматкер үчүн ачык. 1229 ишеним телефону аркылуу кайрылуулар кабыл алынып, тез арада каралууда», — деди ал.
Ал ошондой эле акыркы мезгилде аткарылган иштерге токтолуп, кызматкерлер үчүн иш сапар чыгымдардын көлөмү жогорулатылганын, социалдык колдоо чаралары кеңейтилгенин белгиледи. Мындан тышкары, профсоюз мүчөлөрүнүн укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Мындай семинарлар тажрыйба алмашууга, көйгөйлөрдү ачык талкуулоого жана биргелешкен чечимдерди табууга өбөлгө түзөрүн белгилеп, ал профсоюздардын ролу мындан ары дагы күчөтүлөрүн кошумчалады.






