Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу «JIA» Бизнес Ассоциациясынын төрайымы Гульнара Сатыбалдиева менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоо, социалдык-эмгек укуктарын камсыз кылуу жана бул багытта биргелешкен иштерди жүргүзүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасындагы социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссиянын алкагындагы кызматташууга бурулду.
«Кесиптик бирликтердин, иш берүүчүлөрдүн жана мамлекеттин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү кызматкерлердин укуктарын коргоонун негизи болуп саналат. Биздин милдет — адилеттүү жана туруктуу эмгек мамилелерин биргелешип түзүү. Эл аралык эмгек уюмунун 81-Конвенциясынын алкагында максаттуу иштерди жүргүзүү зарыл, анын натыйжасында Эмгек инспекциясынын кызматкерлеринин саны көбөйтүлүшү керек, анткени акыркы учурда эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы маселеси өзгөчө курч болуп турат.
Ошондой эле сиздердин “Бизнес Караван”, “Караван – агартуу” жана “Аял ишкерлер үчүн караван” долбоорлоруңуздардын алкагында төртүнчү долбоор катары “Эмгек Караванын” кошууну сунуштайм. Бул долбоор аркылуу көмүскө жана платформалык сектордогу эмгекчилерди жана иш берүүчүлөрдү камтый алмакпыз», — деди Мурадил Джумадилде уулу.
Жолугушуунун жыйынтыгында 30 жылда биринчи жолу тараптар кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту.
Документ биргелешкен билим берүү жана маалыматтык кампанияларды өткөрүү, көмүскө секторду кыскартуу боюнча иштерди жүргүзүү, экологиялык жактан туруктуу жумуш орундарын түзүү демилгелерин колдоо, эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана башка биргелешке иш-чараларды өткөрүүнү камсыздайт.
Бул келишим эмгекчилердин социалдык корголушун күчөтүүгө, алардын коопсуздугун камсыз кылууга жана кошумча социалдык кепилдиктерди түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.





