Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Жаштар кеңешинин төрагасы Кайрат Тороев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жаш окумуштуулары, аспиранттары жана окутуучулары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кайрат Тороев федерациянын негизги ишмердүүлүк багыттары, эмгекчилердин укуктарын коргоо, жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Өзгөчө көңүл жаштар кеңешинин ролуна бурулуп, анын алкагында жаштар үчүн уюштурулуп жаткан долбоорлор, тренингдер, билим берүү жана лидерлик программалар тууралуу айтылды.
Ал ошондой эле студенттер жана жаш адистер үчүн каралган дисконттук карталар тууралуу маалымат берип, бул карталар аркылуу ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө, соода түйүндөрүнө жана эс алуу жайларына жеңилдиктер берилерин түшүндүрдү.
Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуштарын айтышты. Иш-чарага ошондой эле билим берүү жана илим тармагындагы кесиптик бирликтин өкүлдөрү катышып, жаш окумуштуулар менен кызматташтыкты чыңдоо, алардын социалдык-эмгек укуктарын коргоо маселелерин талкуулашты.






