КР Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Эмгек институту ККБФнын облустагы өкүлчүлүктөрү жана эмгек инспекторлору менен бирге республикадагы бардык облустарда 9–11-класстын окуучуларына “Мен өзүмдүн эмгек укуктарымды билем” аттуу маалыматтык-билим берүү форматындагы ачык сабактарды ырааттуу жана жогорку деңгээлде өткөрүп жатышат.
ККБФнын облустагы өкүлчүлүктөрү жана эмгек инспекторлорунун эмгегинин натыйжасында өлкө боюнча жүргүзүлгөн бул ачык сабактар окуучулардын эмгек укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатып, аларды коопсуз, мыйзамдуу жана жоопкерчиликтүү эмгек мамилелерине даярдоодо чоң ролду ойноодо. Иш-чаранын башында окуучуларга алардын эмгек укуктары боюнча негизги мыйзамдык нормалар түшүндүрүлдү. Түнкү сменада, дем алыш күндөрү жана кооптуу жумуштарда иштөөгө мыйзам тыюу салганы жана ар бир өспүрүм ишке орношууда сөзсүз эмгек келишими түзүлүшү керек экени так, жеткиликтүү түшүндүрүлдү. Ошондой эле мыйзам бузулган учурда кайда кайрылуу керектиги, эмгек акынын эсептелиши жана коопсуздук эрежелерин сактоонун мааниси боюнча да кеңири маалымат берилди.
Талас облусунда ККБФнын өкүлү А. Айтназаров жана техникалык инспектор Б. Жумабеков өткөрүшүп, окуучулар менен жигердүү талкуу жүргүзүп, алардын суроолоруна кеңири жооп беришүүдө.
Нарын облусунда Ат-Башы районундагы ачык сабакты облустук өкүл Алымкулов Э. А., укуктук инспектор М. А. Жумаев мазмундуу жана практикалык форматта өткөрүштү.
Жалал-Абад облусундагы ККБФ өкүлү А.Мамаев, эмгек инспектору Б.Сабиров окуучуларга эмгек укуктары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маанилүү маалыматтарды жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен жеткиришти.
Ысык-Көл облусунда Балыкчы шаарынын жана Ысык-Көл районундагы мектептерде иш-чараларды ККБФ өкүлү Исакова Г. К. жана эмгек инспектору Баянов К.К. тарабынан интерактивдүү, кызыктуу форматта уюштурулду.
Ош облусунда федерациянын өкүлү Ысманалиев А.А. техникалык инспектор Ибрагимов О.А. менен биргеликте окуучуларга эмгек укуктары, коопсуздук эрежелери жана мыйзамдагы чектөөлөр боюнча кеңири маалымат берди.
Баткен облусунда Кызыл-Кыя шаарында ачык сабакты облустун өкүлү Х.Айкынов жана эмгек инспектору А. Абдиумаров өткөрүшүп, өспүрүмдөрдүн эмгек коопсуздугу боюнча түшүнүгүн кеңейтти.






.
