2026-жылдын 30-апрелинде – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда эмгекчилердин укуктарына байланышкан маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Иш чарага Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу катышты.
Жыйын башталаар алдында МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, алгач 1-май – Эмгек майрамына карата өлкөнүн жалпы эмгек адамдарын куттуктап, акыркы беш жылдын ичинде Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында экономикада олуттуу өзгөрүүлөр болуп, көптөгөн жумуш орундары түзүлгөнүн, анын ичинде эмгекчилердин укугун ишке ашыруу кыйла жакшырганын билдирди.
Отурумда эмгекчилердин укуктарын коргоо, татыктуу эмгек шарттарын түзүү боюнча аткарылган иштер, ошондой эле, эмгек укуктарын жана социалдык кепилдиктерин камсыздоо боюнча чаралар тууралуу эки маселе каралды.
Мурадил Джумадилде уулу өз сөзүндө, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы социалдык туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү ролду ойногон институт. Ал мамлекет, бизнес жана кызматкерлердин ортосундагы диалогду өнүктүрүп, эмгек укуктарынын сакталышын камсыз кылат.
Акыркы жылдары жүргүзүлгөн реформалардын негизинде түзүм оптималдаштырылып, иштин натыйжалуулугу жогорулатылды. Федерация тарабынан эмгек укуктарын коргоо боюнча кеңири иштер жүргүзүлгөндүгү тууралуу билдирди.
“Акыркы жылдары мамлекет тарабынан эмгекчилерди колдоо багытында олуттуу иштер жүргүзүлүп, эмгек акылар жогорулатылып, социалдык коргоо чаралары күчөтүлдү. Эмгекчилерге көрсөтүлүп жаткан колдооңуздар үчүн, эмгек акылардын жогорулашы жана социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртуу багытындагы аракеттериңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин эмгекчилер үчүн жүргүзүп жаткан саясатын жогору баалайбыз
Биз эмгек укуктарын коргоо, мыйзам бузууларды алдын алуу жана социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу багытында иш алып баруудабыз. Ошол эле учурда эмгекчилердин көйгөйлөрүн Сиздерге жеткирүүнү маанилүү деп эсептейбиз.
Бүгүнкү күндө формалдуу эмес иш менен камсыз болуунун жогорку деңгээли, жамааттык келишимдердин жетишсиздиги жана айрым тармактарда социалдык кепилдиктердин толук камсыз болбой жатышы сыяктуу маселелер бар”, – деди ал.
Ошондой эле ККБФ төрагасы 1968 объектте мониторинг жүргүзүлүп, 3766 мыйзам бузуу аныкталып, 1786 кайрылуу каралган, 144 млн. сом компенсация төлөнгөндүгүн баса белгилеп кетти. Мындан тышкары, санариптештирүү, эл аралык кызматташтык жана билим берүү багыттарында да активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Жыйындын жыйынтыгында тараптар эмгекчилердин көйгөйлөрүн чечүүдө кызматташууну күчөтүү, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана татыктуу эмгек шарттарын түзүү боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга макулдашты.




