Улуу Жеңиш күнүнө арналган Кыргызстан кесиптик кыймылынын Ардагерлер кеңеши тарабынан иш-чара уюштурулуп, ага Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, тармактык кесиптик комитеттердин өкүлдөрү, аймактардан келген ардагерлер катышты.
Иш-чаранын негизги максаты — Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин тарыхый маанисин эскерүү, ардагерлердин эрдигин даңазалоо жана муундар ортосундагы байланышты бекемдөө болду.
Өз сөзүндө Мурадил Джумадилде уулу төмөнкүлөрдү белгиледи:
“Урматтуу ардагерлер, кесиптештер. Жеңиш күнү — бул жөн гана тарыхый дата эмес. Бул элдин кайраттуулугунун, биримдигинин жана мекенге болгон чексиз сүйүүсүнүн символу. Биз бүгүн тынчтыкта жашап, эмгектенип жатсак — бул ошол муундун эрдигинин аркасында. Бүгүнкү күндө биздин негизги милдет — тарыхый эс тутумду сактоо, жаштарды патриоттук жана адамгерчилик баалуулуктарга тарбиялоо. Коомдун ынтымагы, муундардын ортосундагы сый-урмат жана биримдик — өлкөнүн келечегинин бекем негизи болуп саналат. Бардык ардагерлерге терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин эмгегиңиздер жана эрдигиңиздер ар дайым жогорку урматка татыктуу.”
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан кесиптик кыймылынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы кеңири баяндама жасап, согуштан кийинки жылдардагы өлкөнү калыбына келтирүүдөгү эмгек адамдарынын салымы, профсоюздардын тарыхый ролу жана бүгүнкү күндө ардагерлердин коомдогу орду тууралуу айтып берди. Ошондой эле кесиптик кыймылдын тарыхын сактоо, жаштарды патриоттук духта тарбиялоо жана коомдук биримдикти чыңдоо маселелери боюнча активдүү талкуу болду.
Иш-чара жылуу маанайда өтүп, катышуучулар ардагерлер менен пикир алышып, алардын турмуштук тажрыйбасы жана эскерүүлөрү менен бөлүшүштү.





