Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын жаштар кеңешинин төрагасы Кайрат Тороев Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШнын Жаштар парламентаралык ассамблеясынын 26-жыйынына катышты.
Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн жаштар саясаты боюнча өкүлдөрү, парламент мүчөлөрү, профсоюздардын жаштар кеңештеринин жетекчилери жана эксперттер чогулду.
Жыйындын жүрүшүндө Кайрат Тороев «КМШ мамлекеттеринин жаштарынын кадрдык потенциалын калыптандырууда эл аралык стажировкалардын ролу» аттуу баяндама жасап, жаштар үчүн эл аралык тажрыйба алмашуунун маанисин белгиледи.
«Эл аралык стажировкалар жаштарга жаңы билим, тажрыйба жана дүйнө тааным берет. Мындай долбоорлор келечектеги лидерлерди тарбиялап, профсоюз кыймылынын жаңы муунун калыптандырууга чоң өбөлгө түзөт. Жаштардын демилгелерин колдоо — бул өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу дегенди билдирет», — деди Кайрат Тороев.
Жыйынынга ошондой эле Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандын улуттук кесиптик бирликтеринин борборлорунун жана тармактык профсоюз уюмдарынын жаштар кеңештеринин жетекчилери, жаштар саясаты боюнча адистер катышты. Алар КМШ Профсоюздардын жалпы конфедерациясы тарабынан КМШ жана Россиянын Мамлекеттик Думасы менен биргеликте уюштурулган эл аралык стажировка долбоорунун катышуучулары болуп саналат.
Жалпысынан Профсоюздардын жалпы конфедерациясынын делегациясынын курамында 12 өкүл катышты.



