Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациянын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Астана шаарына болгон иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Сатыбалды Даулеталин менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Казакстандын кесиптик кбирликтеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн эмгекчилеринин кызыкчылыктарына багытталган биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл Борбор Азия өлкөлөрүнүн профсоюздар конфедерациясынын жана Түрк мамлекеттеринин кесиптик бирликтер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө бурулду.
Мындан тышкары, жаштар жана гендердик саясаты жаатындагы биргелешкен демилгелерди алдыга жылдыруу, жамааттык келишимдик жөнгө салуу системасын өнүктүрүү жана кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.
Мурадил Джумадилде уулу Казакстандын кесиптик бирликтеринин санариптештирүү багытындагы жетишкендиктерин жогору баалап, бул багыттагы алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө жана колдонууга кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк байланыштарды мындан ары бекемдөөгө, кызматташууну кеңейтүүгө жана кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин айтышты.



