Женева шаарында Түрк мамлекеттеринин кесиптик бирликтер уюмунун (ТМКБУ) жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кесиптик бирликтер кеңешинин (БАОКБК) алкагында улуттук профборборлордун жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө кесиптик бирлик лидерлери эмгекчилердин укуктарын жана социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, эл аралык профсоюздук тилектештикти чыңдоо, ошондой эле түрк мамлекеттери менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кесиптик бирлик уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Айрыкча эмгек тармагындагы чек ара аралык маселелерге, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого, татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылууга, эл аралык эмгек стандарттарын сактоого жана социалдык өнөктөштүк механизмдерин кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Катышуучулар эмгек рыногундагы заманбап чакырыктарга, экономиканын санариптешүүсүнө жана жумуш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу кесиптик бирликтердин биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилешти.
Мурадил Джумадилде уулу боордош мамлекеттердин кесиптик бирликтеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө эмгекчилердин кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоонун маанилүү фактору экенин белгиледи.
Ошондой эле, жолугушуунун жыйынтыгында ККБФ төрагасы Түрк мамлекеттеринин кесиптик бирликтер уюмунун (ТМКБУ) жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кесиптик бирликтер кеңештерине Эл аралык эмгек уюмунда байкоочу макамын берүү маселесин көтөрдү.




