Кырызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Техникалык эмгек инспекциясынын башчысы Жениш Казакбаев «Биринчи радионун» түз эфиринде эмгекти коргоонун мааниси, өндүрүштөгү коопсуздук эрежелерин сактоо жана өлкөдө бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маек курду.
Эфирдин жүрүшүндө жумуш орундарындагы коопсуздук маселелери, өндүрүштүк кырсыктардын алдын алуу, кызматкерлердин ден соолугун жана өмүрүн коргоо боюнча талаптар талкууланды. Жениш Казакбаев белгилегендей, эмгекти коргоо – бул мыйзам талаптарын аткаруу гана эмес, ар бир адамдын өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган маанилүү механизм.
«Коопсуз эмгек шарттарын түзүү – ар бир иш берүүчүнүн түздөн-түз милдети. Эмгекти коргоо талаптарын так сактоо өндүрүштүк кырсыктарды азайтып, кызматкерлердин коопсуздугун камсыздайт», – деп белгиледи ал.
Түз эфирде КР Президенти тарабынан кол коюлган «Эмгекти коргоо жөнүндө» жаңы мыйзамга да өзгөчө көңүл бурулду. Жаңы мыйзам эмгекти коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүүгө, кызматкерлердин укуктарын коргоого жана иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.
