Бүгүн, Жогорку Кеңешинде Аялдардын, балдардын укуктарын жана гендердик теңчиликти коргоо боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү. Иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын демилгеси менен уюштурулду.
Жыйынга Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Салтанат Мамбетова жана жеңил өнөр жайынын, экономикасынын чектеш тармактарынын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кесиптик бирлдигинин төрайымы Нургюл Иманбаева катышышты.
Иш-чаранын негизги темасы – эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтуктоо фактыларын кароо боюнча Убактылуу нускаманын долбоорун талкуулоо жана өлкөдөгү эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтуктоо боюнча изилдөөнүн концепциясын тааныштыруу болду.
Бул маселе бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу. Эмгек жамааттарында кызматкерлердин укуктарын коргоодо кесиптик бирликтердин ролу өтө чоң. Дал ушул кесиптик бирликтер эмгек укуктарынын бузулушу, басмырлоо, психологиялык басым жана ар кандай куугунтуктоо фактылары боюнча кайрылуулар келип түшөт.
Ошондуктан мындай учурларды өз убагында аныктоо, алдын алуу жана натыйжалуу кароо механизмдерин иштеп чыгуу кызматкерлер үчүн коопсуз жана адилеттүү эмгек шарттарын түзүүгө өбөлгө болот.
Белгилей кетсек, кесиптик бирликтердин ыкчам номери 1229 күн сайын эмгекчилердин кайрылууларын кабыл алууга даяр.




