«Социалдык өнөктөштүк жана трипартизм. Диалогдогу социалдык өнөктөштөр – туруктуу социалдык өнөктөштүк үчүн эмне зарыл?» аттуу программанын алкагында Кыргызстандын Кесиптик бирликтер Федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу «JIA» Бизнес Ассоциациясынын төрагасы Гульнара Сатыбалдиева менен биргеликте Германиядагы иш сапарга катышууда.
14–19-июнь күндөрү Гамбург жана Берлин шаарларында өтүп жаткан программанын жүрүшүндө катышуучулар социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, кесиптик бирликтердин, иш берүүчүлөрдүн жана мамлекеттик институттардын өз ара аракеттенүүсү боюнча Германиянын алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүп жатышат.
Программанын маанилүү иш-чараларынын бири катары Берлин шаарындагы кесиптик бирликтердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда эмгек укуктарын коргоо, жамааттык келишимдер системасы, социалдык диалогду өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Германиянын кесиптик бирликтеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Иш сапардын алкагында делегация Германиянын Бундестагына барып, Германо-Борбордук Азия парламенттик тобунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Германия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, демократиялык институттарды колдоо жана социалдык-эмгек демилгелерин илгерилетүү маселелери каралды.
Ошондой эле Мурадил Джумадилде уулу Германиядагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен жолугушту. Жолугушууда Германияда жашап жана эмгектенип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын коргоо, социалдык колдоо көрсөтүү жана алардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча кызматташууну күчөтүү маселелери талкууланды.
Тараптар социалдык өнөктөштүктү татыктуу эмгекти камсыз кылуунун, социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөнүн жана туруктуу экономикалык өнүгүүнүн натыйжалуу механизми катары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.



