Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу «Биринчи радионун» түз эфирине катышып, балдар эмгегинин алдын алуу, балдардын эмгек укуктарын коргоо жана Федерация тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.
Эфирдин жүрүшүндө балдарды эксплуатациядан коргоо мамлекеттин жана кесиптик бирликтердин негизги милдеттеринин бири экени белгиленди. Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы мамлекеттик органдар, иш берүүчүлөр жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте балдар эмгегинин алдын алуу, жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу жана жашы жете электердин укуктарын коргоо боюнча иш алып барууда.
Мурадил Джумадилде уулу Кыргыз Республикасы Эл аралык эмгек уюмунун негизги конвенцияларын колдоорун белгиледи. Атап айтканда, №79 Конвенциясы өспүрүмдөрдү өндүрүштүк эмес тармактарда түнкү убакта иштетүүгө тыюу салып, алардын ден соолугун, билим алуусун жана толук кандуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган. Бул эл аралык документ балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоого багытталган.
Түз эфирдин жүрүшүндө ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүү, жашы жете электердин эмгек укуктарын коргоо жана коомдун ар бир баланын келечеги үчүн жоопкерчилигин күчөтүү маселелери талкууланды.
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы мындан ары да балдардын эмгек укуктарын коргоо, коопсуз келечекти камсыз кылуу жана ар бир бала билим алып, өз мүмкүнчүлүгүн толук ишке ашыра ала турган коомду өнүктүрүү боюнча иштерин улантат.


