Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан уюштурулган эмгек миграциясы маселелерине арналган тегерек столдун ишине катышты.
Тегерек столдун негизги максаты Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эмгек миграциясы жаатындагы кызматташууну талкуулоо, квалификациялуу адистерди ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жана эки өлкөнүн күтүүлөрү боюнча пикир алмашуу болду.
Иш-чара Германиянын Мекленбург–Алдыңкы Померания федералдык жеринин Экономика министрлигинин мамлекеттик катчысы Йохен Шультенин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлдү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Германиянын эмгек рыногунун эксперттери, иш берүүчүлөрдүн ассоциациялары, эл аралык уюмдар жана социалдык өнөктөштөр катышты. Жолугушууда жарандарды мыйзамдуу ишке орноштуруу, кесиптик даярдоо, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана коопсуз эмгек миграциясын өнүктүрүү маселелери талкууланды.







