2026-жылдын 1-июлунда Тажикстан Республикасынын борбору Душанбе шаарында Жалпы кесиптик бирликтер конфедерациясынын (ВКП) Кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул маанилүү иш-чарага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн улуттук кесиптик бирлик борборлорунун жана эл аралык тармактык бирикмелеринин жетекчилери катышты.
Жыйынга Кыргызстандын атынан Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын Жаштар кеңешинин төрагасы Кайрат Тороев жана Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Каарманбек Байдавлетов катышып, өлкөнүн кесиптик бирлик кыймылын өкүлчүлүк кылышты.
Иш-чарага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын улуттук кесиптик бирлик борборлорунун өкүлдөрү, ошондой эле 20 эл аралык тармактык кесиптик бирлик бирикмелеринин өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары, биринчи жолу Түркмөнстандын улуттук кесиптик бирлик борборунун делегациясы Кеңештин жыйынына конок катары катышты.
Кыргызстандын өкүлдөрүнүн мындай жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чарага катышуусу өлкөнүн кесиптик бирликтеринин эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана эмгекчилердин социалдык-эмгек укуктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттерди өнүктүрүүгө болгон умтулуусун көрсөтөт.
Жалпы кесиптик бирликтер конфедерациясынын Кеңешинин жыйыны алгачкы жолу Тажикстан Республикасында, Тажикстандын Көз карандысыз кесиптик бирликтер федерациясынын чакыруусу менен өткөрүлдү.
Бул жыйын КМШ өлкөлөрүнүн кесиптик бирликтеринин ортосундагы тилектештикти бекемдөөдө, өз ара кызматташууну кеңейтүүдө жана жалпы эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоодо өзгөчө мааниге ээ болуп саналат.




