Бишкек шаарында «Кыргызстан кесиптик бирликтеринин мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү аркылуу дискриминациясыз, зомбулуксуз жана кодулоосуз татыктуу эмгекти камсыз кылууга көмөктөшүү» аттуу эки күндүк семинар өз ишин баштады.
Семинардын ачылышына Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу катышып, коопсуз жана адилет эмгек чөйрөсүн түзүү бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.
«ЭЭУнун №190 Конвенциясын ратификациялоо – өлкөбүз үчүн маанилүү кадам болду. Эми анын талаптарын ар бир иш ордунда натыйжалуу ишке ашыруу зарыл. Кесиптик бирликтер ар бир кызматкердин укугун жана кадыр-баркын коргоп, зомбулук менен кодулоого карата нөлдүк чыдамкайлык маданиятын калыптандырууга өз салымын кошууга тийиш. Азыркы учурда бизде 1229 кыска номери иш алып барууда, ар кандай жумуш жаатындагы маселелер менен чалып, бекер консультация алсаңыздар болот», – деди Мурадил Джумадилде уулу.
Семинарга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Акыйкатчы институтунун, эл аралык уюмдардын, “JIA” бизнес-ассоциациясынын, тармактык кесиптик бирликтердин өкүлдөрү жана эксперттер катышып, дискриминациядан, зомбулуктан жана кодулоодон эркин эмгек чөйрөсүн түзүүгө багытталган практикалык чечимдерди иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.
Иш-чара Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) колдоосу менен өткөрүлүп, ЭЭУнун №190 Конвенциясын ишке ашырууда Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясынын жана тармактык кесиптик бирликтердин мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого багытталган.
Семинардын жүрүшүндө ЭЭУнун гендердик теңчилик жана басмырлоого жол бербөө боюнча эксперти Өзге Бербер-Агташ атайын сессия өткөрүп, анда эмгек чөйрөсүндөгү «кодулоо» жана «зомбулук» түшүнүктөрү, алардын түрлөрү, себептери жана кесепеттери кеңири түшүндүрүлдү. Катышуучулар кызматкерлерди коргоо механизмдерин, кесиптик бирликтердин ролун жана иш орундарында зомбулук менен кодулоонун алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды талкуулашты.









