Бүгүн Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы (ККБФ) менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын (КЭА) ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга салтанаттуу түрдө кол коюу аземи болуп өттү.
Документке Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумалилде уулу жана Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Медер Рахманов кол коюшту.
Меморандумга кол коюу эмгекчилердин укуктарын коргоо, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, этностор аралык ынтымакты жана Кыргыз Республикасындагы жарандык биримдикти чыңдоо багытында күч-аракеттерди бириктирген жарандык коомдун эки институтунун ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөдөгү маанилүү кадам болду.
Документке ылайык, тараптар билим берүү жана агартуу программаларын биргелешип ишке ашырууну, семинарларды, форумдарды жана конференцияларды өткөрүүнү, аналитикалык маалыматтар жана мыкты тажрыйбалар менен алмашууну, ошондой эле кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоого, жаштар саясатын колдоого, татыктуу эмгек, гендердик теңчилик жана социалдык жоопкерчилик принциптерин өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну көздөшөт.
Бул Меморандумга кол коюу Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын өлкө жарандарынын кызыкчылыгы үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө, социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө, эмгек укуктарын коргоого, этностор аралык ынтымакты өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу, конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө болгон умтулуусун тастыктайт.




