Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Саламаттык сактоо кызматкерлеринин борбордук комитетине караштуу «Ден Соолук» балдардын ден соолукту чыңдоо борборуна жана «Дзержинец» лагерине барып, алардын абалы жана жайкы эс алуу сезонунун жүрүшү менен жеринен таанышты.
Иш сапарынын жүрүшүндө Федерациянын төрагасы борборлордун аймагын кыдырып, балдардын жашоо шарттарын, тамактануусун, медициналык тейлөөсүн, коопсуздук чараларын жана эс алуу үчүн түзүлгөн шарттарды жеке өзү текшерди.
Ошондой эле Мурадил Джумадилде уулу борборлордун кызматкерлери менен баарлашып, алардын эмгек шарттары жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу пикир алышты. Балдар менен жолугушуп, алардын эс алуудагы маанайына, уюштурулган маданий жана спорттук иш-чараларга кызыкты.
Белгилей кетсек, кесиптик бирликтердин мүчөлөрү үчүн «Дзержинец» балдардын ден соолукту чыңдоо борборунда 10 күндүк жолдомонун баасы 13 миң сомду түзөт. Ал эми «Ден Соолук» борборунда 10 күндүк жолдомо 11 миң сомдон сунушталат.
Жайкы сезон ичинде «Ден Соолук» борбору болжол менен 2400 баланы, ал эми «Дзержинец» борбору 3200 баланы кабыл алып, ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Иш сапарынын жыйынтыгында Федерациянын төрагасы балдардын коопсуздугун камсыздоо, сапаттуу эс алуу жана ден соолугун чыңдоо багытындагы иштер мындан ары да негизги артыкчылыктардын бири болуп кала берерин белгиледи.









