Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу УТРКнын «Акысыз адвокат» түз эфириндеги берүүсүнө катышып, мектеп окуучулары менен жаштар жумушка орношууда жана эмгек ишмердүүлүгүндө кандай көйгөйлөргө туш болуп жаткандыгы тууралуу айтып берди.
Төраганын айтымында, жайкы мезгилде көптөгөн мектеп окуучулары жана студенттер эмгектенип, өз алдынча каражат табууга аракет кылышат. Бирок көп учурда алардын эмгек укуктары бузулуп, жумушка расмий кабыл алынбайт, эмгек акысы өз убагында төлөнбөйт же таптакыр берилбейт, мыйзамда каралган убакыттан ашык иштетилип, коопсуз эмгек шарттары камсыздалбай калат.
«Кесиптик бирликтер федерациясынын 1229 ишеним телефонуна түшкөн ар бир бешинчи кайрылуу жаштардан келет. Бул жаштар арасында эмгек укуктарынын бузулушу дагы эле актуалдуу экенин көрсөтүп турат. Биз алардын ар бирине укуктук кеңеш берип, мыйзамдуу укуктарын коргоого көмөктөшөбүз», — деди Мурадил Джумадилде уулу.
Түз эфирге ошондой эле буга чейин федерацияга кайрылып, жардам алган студент Акылай да байланышка чыкты. Ал кесиптик бирликтердин колдоосу менен өзүнүн бузулган эмгек укуктарын калыбына келтирүүгө жетишкенин белгиледи.
Акылай көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, эмгек укуктары бузулган бардык жаштарды кесиптик кошуундарга кайрылууга чакырды.
Берүүнүн соңунда Мурадил Джумадилде уулу мектеп окуучуларын, студенттерди жана жаш кызматкерлерди эмгек мыйзамдарын билүүгө, жумушка орношууда өз укуктарына көңүл бурууга жана кандай гана көйгөй жаралбасын Профсоюздарга 1229 ишеним телефону аркылуу кайрылууга чакырды.




