Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу үй-бүлө, гендердик өнүгүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган балдарды репатриациялоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдарды социалдык коштоо боюнча иш алып барган социалдык кызматкерлер тууралуу Жарлыгын ишке ашыруу, балдар менен жаштардын руханий-адеп-ахлактык тарбиясы жаатындагы мамлекеттик саясат, үй-бүлө институтун бекемдөө жана позитивдүү ата-энелик маданиятты өнүктүрүү, ошондой эле 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында үй-бүлөнү жана балдарды коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүүгө, мамлекеттик органдардын өз ара кызматташтыгын күчөтүүгө, социалдык колдоо системасын өнүктүрүүгө, үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана мамлекеттик чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чечимдер кабыл алынды.
Кесиптик бирликтер федерациясынын Улуттук кеңештин ишине катышуусу калкты социалдык жактан коргоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо жана балдардын бакубаттуулугун камсыз кылуу багытындагы иштерге болгон жоопкерчилигин жана мамлекеттик органдар менен социалдык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин айгинелейт.




