Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын укуктук инспектору балдардын эмгегин алдын алуу боюнча мониторингге катышты.
2026-жылдын 11–12-август күндөрү Бишкек шаарында балдардын эмгегин алдын алуу жана жашы жете электердин эмгек укуктарын коргоо максатында биргелешкен мониторинг иш-чаралары өткөрүлдү.
Мониторинг КР Акыйкатчысынын демилгеси жана уюштуруусу менен өткөрүлүп, ага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо кызматынын, Ички иштер министрлигинин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин жана Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын укуктук инспектору катышты.
Мониторинг Бишкек шаарындагы ири соода жайларында — «Ош базары» жана «Дордой» соода-базар комплекстеринде жүргүзүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — жашы жете электердин оор, кооптуу жана зыяндуу эмгек шарттарына тартылышына жол бербөө, балдардын эмгек укуктарын жана коопсуздугун коргоо, ошондой эле мыйзам бузуулардын алдын алуу.
Мониторингдин жүрүшүндө соода түйүндөрү, кампалар, соода павильондору жана башка объектилер каралып, жашы жете электердин эмгегин пайдалануу фактыларын аныктоого өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле соода жайларынын администрациялары, ижарачылар жана иш берүүчүлөр менен түшүндүрүү жана профилактикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы мындай иш-чараларга активдүү катышуу менен эмгек мыйзамдарынын сакталышына, кызматкерлердин укуктарынын корголушуна жана коопсуз эмгек шарттарынын камсыздалышына салым кошот.




