2026-жылдын 28-апрелинде Түркстан шаарында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана спорт кызматкерлеринин кесиптик бирлиги менен Азербайжан Республикасынын маданият кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Меморандум эки өлкөнүн кесиптик бирликтеринин ортосундагы достук жана өз ара урматтоого негизделген байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
Тараптар эмгек укуктарын коргоо, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу, кызматкерлердин кызыкчылыктарын илгерилетүү, тажрыйба алмашуу жана өз ара өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча кызматташууну күчөтүүгө макулдашышты.
Бул маанилүү келишим эки өлкөнүн кесиптик бирлик кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып, жалпы максаттарга жетүүдө бекем негиз болуп берет.


