Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлиги 2026–2028-жылдарга жаңы Тармактык макулдашууга кол коюшту.
Документ медицина кызматкерлеринин социалдык коргоосун күчөтүүгө, эмгек акынын деңгээлин жогорулатууга, эмгек шарттарын жакшыртууга жана тармактын кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.
Макулдашуу саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн маанилүү кепилдиктерди бекитет. Алардын катарында стимулдаштыруучу төлөмдөрдү жана үстөктөрдү кеңейтүү, жаш адистерди жана айыл жергесинде эмгектенген кызматкерлерди колдоо, коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу, окутуу жана квалификацияны жогорулатуу, кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо, ошондой эле социалдык өнөктөштүк механизмдерин күчөтүү каралган.
Мындан тышкары, эмгекти коргоо, милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү, кырсыктардан камсыздандыруу жана зыяндуу эмгек шарттарында иштеген кызматкерлерге компенсацияларды берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Тармактык макулдашууга кол коюу социалдык өнөктөштүктү чыңдоодогу маанилүү кадам болуп калды. Бул документ тараптардын медицина кызматкерлери үчүн татыктуу эмгек шарттарын түзүү жана Кыргызстандын калкына көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу багытында биргелешип иштөөгө даяр экендигин далилдейт.

