Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы С.А. Боенов жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Г.Т. Исаматова жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарындагы социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Макулдашууга кол коюшту.
Документке кол коюу социалдык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө, социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүүгө, тараптардын милдеттенмелерин тактоого жана кызматташуунун негизги принциптерин бекемдөөгө багытталган.
Макулдашууда билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгектик жана социалдык-экономикалык кызыкчылыктарына тиешелүү негизги маселелер боюнча тараптардын өз ара аракеттенүүсү каралган. Эмгек укуктарын сактоого жана коргоого, социалдык кепилдиктерди камсыз кылууга, татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө жана социалдык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бурулат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тармактагы актуалдуу маселелерди, кызматкерлердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону, кесиптик бирлик менен мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүнү, ошондой эле социалдык-эмгектик маселелерди чечүү боюнча биргелешип иш алып баруунун зарылдыгын талкуулашты.
Кол коюлган Макулдашуу тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү инструменти болуп, жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Документтин жоболорун ишке ашыруу кызматкерлердин социалдык кепилдиктерин жакшыртууга, тараптардын ортосундагы конструктивдүү диалогду чыңдоого жана Кыргыз Республикасында жогорку жана орто кесиптик билим берүү тармагынын туруктуу өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

