Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу менен Тажикстандын кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Чиллазода Карахон эки өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Бул документ Кыргызстан менен Тажикстандын кесиптик бирликтеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып, эң башкысы — эки өлкөнүн эмгекчилеринин эмгектик, социалдык-экономикалык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган биргелешкен ишти күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
«Биз үчүн эң башкы баалуулук — эмгек адамы, анын укугу, коопсуздугу жана татыктуу эмгек шарттары. Кыргызстан менен Тажикстанды тарыхый жактан достук, коңшулук жана өз ара урматтоо мамилелери байланыштырып келет. Бүгүн кол коюлган макулдашуу ушул мамилелерди кесиптик бирликтердин деңгээлинде дагы да бекемдөөгө багытталган”, – деди Мурадил Джумадилде уулу.
Макулдашуунун алкагында тараптар эмгек мыйзамдары, эмгекти коргоо жана коопсуздук, социалдык өнөктөштүк, кызматкерлердин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча маалымат жана тажрыйба алмашууну пландаштырууда. Ошондой эле кесиптик бирликтердин өкүлдөрүнүн жолугушууларын, консультацияларын, тегерек столдорду, семинарларды жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Тараптардын жалпы максаты — эмгек адамынын укугун жана кызыкчылыгын ишенимдүү коргоо, татыктуу жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга көмөктөшүү, ошондой эле эки өлкөнүн эмгекчилеринин ортосундагы тилектештикти бекемдөө.



