Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу саламаттык сактоо кызматкерлеринин эс алуусуна шарт түзүүгө багытталган «Ден-Соолук» ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы корпустун курулушуна байланыштуу иш-чарага катышты.
Капсула салуу аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Гулбара Ишенапысова, саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Каарманбек Байдавлетов дагы катышышты.
Бул демилгенин өзгөчө мааниси бар. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзу мүчөлүк төгүмдөрдүн эсебинен өз күчү менен жаңы эс алуу корпусун курууну баштады.
Жаңы имарат эски корпустун ордуна курулуп, 40–50 койка-орунга ылайыкталат. Корпус медицина кызматкерлеринин эс алуусу жана ден соолугун чыңдоосу үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн ККБФ Мурадил Джумадилде уулу бул долбоор профсоюз кыймылынын мүмкүнчүлүктөрүн жана мүчөлүк төгүмдөрдү кызматкерлердин кызыкчылыгына натыйжалуу пайдалануунун маанисин көрсөтөрүн белгиледи.
«Бул — профсоюз мүчөлөрүнүн каражаты өздөрүнүн жыргалчылыгына, ден соолугун чыңдоого жана татыктуу эс алуусуна жумшалып жатканынын айкын мисалы. Эгемендүүлүк жылдарында биринчи жолу саламаттык сактоо тармагындагы профсоюз өзүнүн мүчөлүк төгүмдөрүнүн эсебинен жаңы корпус куруп жатат. Бул маанилүү кадам жана профсоюздардын иш жүзүндөгү күчүн көрсөткөн жакшы үлгү. Биздин негизги максат — эмгек адамдары үчүн реалдуу шарттарды түзүп, алардын социалдык кепилдиктерин бекемдөө», — деди Мурадил Джумадилде уулу.
Федерация төрагасы ошондой эле медицина кызматкерлеринин эмгеги өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын белгилеп, алардын сапаттуу эс алуусу жана ден соолугун калыбына келтирүүсү профсоюздардын көңүл борборунда болушу керектигин баса белгиледи.
Жаңы корпустун курулушу профсоюз мүчөлөрүнүн каражатын инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кызматкерлер үчүн узак мөөнөттүү социалдык объекттерди түзүүгө багыттаган маанилүү долбоор болуп саналат.




