2026-жылдын 2-сентябрында Кишинёв шаарында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы менен Молдованын улуттук профсоюздар конфедерациясынын ортосунда 2027–2031-жылдарга карата кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.
Маанилүү документке Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу жана Молдованын улуттук профсоюздар конфедерациясынын төрагасы Игорь Зубку кол коюшту.
Бул келишим Кыргызстан менен Молдованын кесиптик бирлик уюмдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге чыгарууга, өнөктөштүктү бекемдөөгө жана эмгекчилердин социалдык-эмгектик укуктарын коргоо багытындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.
ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулу келишимге кол коюу эки өлкөнүн кесиптик бирлик кыймылы үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи.
«Бүгүнкү кол коюу — бул жөн гана документке кол коюу эмес, Кыргызстан менен Молдованын кесиптик бирликтеринин ортосундагы достукту жана ишенимдүү өнөктөштүктү бекемдеген маанилүү кадам. Биздин негизги максатыбыз — эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо, татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө көмөктөшүү жана кесиптик бирликтердин ролун күчөтүү. Бул келишим тажрыйба алмашууга, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана эл аралык кесиптик бирлик кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — ал.
Келишимдин жоболоруна ылайык, тараптар кесиптик бирлик кыймылын өнүктүрүү жана чыңдоо максатында күч-аракеттерин бириктирип, өз иш-аракеттерин координациялоону көздөшөт. Ошондой эле эки өлкөнүн кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жашоосу жана ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон экономикалык, социалдык жана укуктук шарттарды түзүүгө көмөктөшүү боюнча милдеттенмелерди алышты.




